Ташиевдин атынан келдик деген топ санаторийди басып алууга аракет кылган

«Жалал-Абад» санаторийин басып алуу аракети катталды. Имаратка бастырып кирип баргандар Камчыбек Ташиевдин атынан келдик дешкен. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Кыргыз курорт туризм» ишканасынын профсоюздар федерациясынын убактылуу башчысы С.Кучуков жана «Жалал-Абад» санаторийинин мыйзамсыз дайындалган директору Э.Айтиев бир топ адамдар менен административдик имаратка күч менен кирип, санаторийдин директорунун иш бөлмөсүн ээлеп алууга аракет кылышкан.

Бирок санаторийдин учурдагы убактылуу директору Б.Сатыгулов кагаз менен таанышып, келген адамдарга буйрук жараксыз деп билдирген. Анткени «Жалал-Абад» санаторийинин директору М.Абышкаев ооруканада болгондуктан, аны кызматтан бошотуу мыйзамсыз деп белгилеген.

Бул иш боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бул фактыга эч кандай тиешеси жоктугун, анын үстүнө ал мындай көрсөтмөлөрдү берген эмес жана бербей турганы маалымдалды.

С.Кучуков менен Э.Айтиев кармалып, Жалал-Абад ИИББине жеткирилип, кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.