Ташиевдин бажасы камакта калтырылды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бажасы камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 11-сентябрга чейин камакта болот.

Буга чейин УКМК маалымат таратып, Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы А.Т.О. аттуу бажасы өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалганын билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Т.О. Түркиянын жараны менен өз ара тил табышып, алдамчылык жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен жергиликтүү ишкерлердин биринин ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышкандыгы аныкталып, жабырлануучу тарап тиешелүү арыз менен УКМКга кайрылган.