Ташиевдин жакын тууганы кармалганын УКМКдан ырасташты

Акыркы учурда айрым жарандар тарабынан жогорку кызматтагы адамдар менен тааныштыкка жана үй-бүлөлүк мамилелерге жамынып, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге барган учурлар көп катталууда. Бирок өлкөнүн жогорку жетекчилигинин чечкиндүүлүгүнүн жана саясий эркинин аркасында атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын алдына мындай көрүнүштөрдү түп-тамырынан жок кылуу жана бийликтегилер менен тууганчылыкка жана жакын мамилеге карабастан, кылмыш жасагандыгы үчүн жазанын сөзсүз боло тургандыгы жөнүндө жарандардын аң-сезимин өзгөртүү үчүн негиз түзүү милдети коюлган. Буга массалык маалымат каражаттарында күнөөлүү адамдарды кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу фактыларын чагылдыруу мисал боло алат.

Бул контекстте мамкомитет УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы А.Т.О. аттуу бажасы өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча кармалганы тууралуу маалыматты коомчулукка жеткирүү зарыл деп эсептейт. Тергөөнүн жүрүшүндө А.Т.О. Түркиянын жараны А.С. менен өз ара тил табышып, алдамчылык жана ишенимди кыянаттык менен пайдалануу жолу менен жергиликтүү ишкерлердин биринин ири суммадагы акча каражатын ээлеп алышкандыгы аныкталып, жабырлануучу тарап тиешелүү арыз менен УКМКга кайрылган. Мындан улам, жакын туугандык мамилелерге карабастан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан бардык күнөөлүү адамдардын аракеттерине объективдүү иликтөө жүргүзүү жана юридикалык баа берүү тапшырмасы берилди. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында А.Т.О. жана А.С. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, анын алкагында жабырлануучу тарапка келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.

УКМК мындай фактыларга бөгөт коюлуп, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын эскертет. Ошондой эле, жарандарды колдонуудагы мыйзамдардын алкагында зарыл чараларды көрүү үчүн атайын кызматка тиешелүү маалыматтарды билдирүүгө чакырат.