Ташиевдин жардамчысымын деп өзүн тааныштырган УКМКнын жалган кызматкери кармалды

30-мартта УКМК тарабынан өзүн УКМКнын кызматкери жана анын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы катары тааныштырып, элдин ишенимине кирип алуу менен мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген Осмонали Эрматов аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан маалымдашты.
2022-жылдын январь айында аталган адам Равшан Суранов аттуу Тажик жараны аркылуу Жангазы Сарыбаевдин ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн 7500 доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошондой эле Эрматов УКМКнын Борбордук аппаратында иштегенин, анын иш бөлмөсү УКМКнын төрагасынын иш бөлмөсүнө жакын жайгашкандыгын билдирген. Бул факты боюнча Эрматовго карата УКМКнын тергөө башкармалыгы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган адамдар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.