УКМК төрагасынын жакын туугандарынын аты-жөнүн жамынган алдамчылык фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
25-июль күнү жаран Фейсбук социалдык тармагына фамилиясынын окшоштугунан пайдаланып, өзүн УКМК төрагасынын улуу баласымын деп тааныштырып, системалуу түрдө алдамчылык аракеттерди жасап жаткан жаранга чара көрүү өтүнүчү менен видео кайрылуу жарыялаган.
26-июлда козголгон кылмыш ишинин алкагында жаран кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.