Ташиевдин уулунун атын «сатып» 240 миң доллар ээлеп алган шектүү кармалды

УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атына жамынып жүргөн дагы бир алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жогорку кызматтагы адамдардын жана алардын жакын туугандарынын атын колдонуу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Тактап айтканда, Ж.И.Р. аттуу жаран ар кандай маселелерди чечүү үчүн жарандарды адаштырып, алардан ири өлчөмдөгү акча каражатын алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен жеке тааныштыгын жамынып алып, өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу УКМКга жаран арыз менен кайрылып, аталган Ж.И.Р. УКМКнын төрагасы Ташиевдин уулунун атына жамынып алып, 240 миң доллары өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алгандыгын билдирген. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында анын УКМК төрагасынын жакын туугандары менен эч кандай мамилеси болбогону аныкталды. Мындан улам, шектүү чогултулган материалдардын негизинде №1 тергөө абагына кармалып, камакка алынды. Азыркы учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларын жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө иштери улантылууда.