Ташиевге кол салууну пландаган… «Руслан Бостери» деп атыккан Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири кармалды

УКМК тарабынан кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, 16-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында мурда тергөө органдарынан жашырынып жүргөн, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Бостери айылында туулган, криминалдык дүйнөдө «Рус Коён» же «Руслан Бостери» деп аталган Кыргыз жараны Дуйшеев Руслан Бекбоевич кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Аталган жаран Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири болуп, Ысык-Көл районунун Бостери айылын караган. Мурда каракчылык, адам өлтүрүү сыяктуу оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон. Ошондой эле, колдо болгон маалыматтарга ылайык, издөөдө жүргөн жаран УКМК жетекчилигине кол салууну уюштуруу планын иштеп чыккан. «Регион» телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына Камчыбек Ташиевге кол салуу пландалганын жазды.
Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгы менен шектүүгө уюшкан кылмыштуу топту түзгөн жана ага катышкан деген айып тагылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун тергөө органдарынан жашырынып жүргөн башка активдүү мүчөлөрүн аныктоо жана кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.