«Ташка кыпчылып калган». Таласта сууга аккан 2 жашар баланын жансыз денеси табылды

Таласта сууга агып кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

18-июнь күнү саат 19:00 чамасында Талас районунун Чоң-Чычкан өрөөнүнүн Чоң-Түз жайлоосунан 2 жашар бала ойноп жаткан жеринен чоң сууга түшүп, агып кеткендиги боюнча милицияга кабар түшкөн. Бул окуя Талас РИИБге каттоого алынып, окуя болгон жерге Талас РИИБдин өздүк курамы толугу менен жана Талас ОИИБден жалпы 100гө жакын кызматкер издөө иштерине тартылган.

20-июнда сайдагы суунун нугу башка жакка бурулуп, суу азайган кезде 2 жашар баланын жансыз денеси ташка кыпчылып калган жеринен табылган. 2-3 чакырым алыстыкка агып кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси туугандарына өткөрүп берилди.