«Таштанды менен жабылган». Ошто курал жана ок-дары катылган жер табылды (сүрөт)

Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Аймактар ​​аралык дирекциясынын ыкчам кызматкерлери курал жана ок-дары сакталган жерди табышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, кылмыштуу топторго таандык курал жана ок-дары сакталган кампа Оштун четиндеги кароосуз калган үйдө табылган. Курал-жарак жер төлөнүн бөлмөлөрүнүн биринде жерге терең эмес көмүлүп, үстүнөн таштандылар менен жабылган. Экспертизанын жүрүшүндө аталган жерден арканга оролгон баштык алынган, анын ичинен Калашников автоматы, патрон, ошондой эле 16-калибрдеги мылтык табылган. Бул факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 253-беренеси (курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо) менен кылмыш иши козголду. Куралдарды табуу фактысы боюнча тиешелүү экспертиза дайындалган.