Таштандыга ташталган ымыркайдын апасы 2 ай камакта болот

Бишкектин Октябрь райондук соту таштанды челекке ыргытылган ымыркайдын энесинин бөгөт чарасын карап, камакта калтырды.

Бишкек ШИИБден билдиргендей, ал 2 айга СИЗО-1ге киргизилет.

9-ноябрда Бишкекте таштанды челектен жаңы төрөлгөн ымыркай табылганы маалым болгон. Жерине барган милиция жаңы төрөлгөн ымыркайды тапкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинен ымыркай Бишкектеги №1 төрөт үйүнө жеткирилгенин билдиришкен болчу. Милиция таштандыга ташталган ымыркайдын энесин кармаганын билдирген. Шектүү катары 2002-жылы туулган келин кармалган.