Татарстанда пилотсуз учактардын кол салуусунан улам Кыргыз жараны жаракат алды

Елабуга шаарында (Татарстан) жайгашкан объектилерге болгон пилотсуз учак аппараттарынын кол салуусунан улам алты адам жабыркады. Анын бири Кыргыз жараны 2007-жылы туулган И.А.Б. орто жаракат алган. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Казань шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери бүгүн жаракат алган Кыргыз жаранынын ден соолугунун абалы тууралуу кабар алууга барышат.