«Тазалоо иштери жүрүп жатат». Бишкек-Ош жолунда таш кулады

«Бүгүн, 13-мартка караган түнү саат 01:50 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымында таш түштү. Анын көлөмү 30-35 метр куб болду», — деп билдиришти Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан.

Анын кесепетинен унаалардын кыймылына 2-3 саат тоскоолдуктар болгон. Эртең менен бул тилкеден жеңил автоунаалар гана өтүп жатат. Учурда №30 жол тейлөө мекемесинин жумушчулары тарабынан жолду тазалоо иштери уланууда.