«Тазалык» кызматкеринин өлүмү. Шектүүнүн министрликте иштери айтылууда

«Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен унаанын айдоочусу Тышкы иштер министрлигинде иштейт. Бул тууралуу «АКИpress» жазып чыкты.

Алдын ала маалыматка караганда, 1976-жылы туулган жаран 2019-жылы ТИМдин бир департаментинин биринчи катчысы кызматын ээлечү.

18-декабрда саат 01:00 чамасында Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын 1976-жылы туулган айдоочусу Масалиев көчөсү менен чыгыштан батышты карай бара жатып, Малдыбаев көчөсүнө жетпей көчө шыпырып жүргөн “Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Кызматкер алган жараатынан ошол жерде көз жумган.