«Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу кармалды

27-май күнү таңкы саат 05:00 чамасында белгисиз айдоочу унаада Бишкек шаарынын Дэн-Сяопин проспектиси менен чыгыш багытына бара жатып Алыкулов көчөсүнө жетпей жол боюнда жол тазалап жаткан 1963-жылы туулган А.А. аттуу «Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү А.А. ооруканага жеткирилген.

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин издөө иштеринин жыйынтыгында, айдоочусу 1991-жылы туулган К.М. тергөө кызматына тапшырылып «Daewoo Nexia» унаасы айып короого токтотулду.