Текебаев: «Келдибековдун сотто айткан сөзү чындыкка дал келбеген маалымат»

«Келдибековдун сотто айткан сөзү чындыкка дал келбеген маалымат». Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев соцтармактагы баракчасында «актоо эмес, тактоо» деген аталыш менен билдирүү жарыялады.

«Тибет монахы «тентек көрүнгөн менен талашат, акылдуу теңи менен талашат, ал эми даанышман өзү менен өзү гана талашат» деген экен. Мен эми аксакал болдум, көрүнгөн менен талаша бербей даанышман эле болоюн деген чечимге келген элем. Бирок ар-намыс, кадыр-барк маселесинде талашпасаң да, тактап коюу зарыл экен. 

6-апрель күнү Июнь окуясы боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Ахматбек Келдибеков «Убактылуу Өкмөттүн кайсы мүчөсү Кадыржан Батыровго дипломаттык паспорт бергени жөнүндө документтер бар. Кадыржан Батыровго дипломаттык паспорт берүү өтүнүчүнө Убактылуу Өкмөттүн вице-премьери Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдил Байсалов кол коюшкан» деп көрсөтмө бериптир. Бул чындыкка дал келбеген, менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкер беделиме доо келтирген жалган маалымат.

Келдибеков ушул сөзүн тар чөйрөдө «балп» этип айтып койгон болсо, мен көңүл бурбай деле коймок элем. Бирок ал бул сөздөрүн соттук отурумда айтып, официалдуу айып тагып жатат. Сот күбөдөн «жалган айтсаң мыйзам алдында жооп бересиң» деп эскертип, «чындыкты гана айтам” деп убадасын айттыртып кагазга кол койдуруп алат. Демек, Келдибеков бул сөздөрүн терең ойлонуп, жоопкерчиликти сезип туруп айткан. Сотто күбө бирөөнү акташ үчүн же каралоо үчүн гана көрсөтмө берет.

Июнь окуясы боюнча тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, Жогорку Кеңештин парламенттик иликтөөлөрү болуп өткөн. Алардын материалдары менин 2010-жылы Кадыржан Батыров менен бир да жолу жолукпаганымды, ага тиешелүү бир да документке кол койбогондугумду далилдеп турат. Эгер Келдибеков кокустан айтып алган болсо, анда сотко официалдуу кайрылып, сөздөрүн жокко чыгарышын сунуш кылат элем. А эгер Келдибеков ага барбаса, тилекке каршы, сот аркылуу анын жалганын төгүндөөгө туура келет. Төгүндөөнү талап кылган ушундай 3-4 учур бар. Алар жөнүндө да жакында билдирем», — деп жазды ал.