«Телефон аркылуу Өзбекстанга сатып жүрүшкөн». Баткенде мал уурулукка шектүүлөр кармалды

Коңшу өлкөгө малды өткөрүп жүргөнгө шектелип Лейлек районунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Лейлек районунун Кулуңду, Максат, Раззаков айылдарынын үч тургуну үлүш жерине байлап койгон бодо малдары 2023-жылдын сентябрь айынан бери белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Бул үч жарандын арыздары Лейлек РИИБге Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жогорудагы жарандардын ар биринен эки жаштагы 1 баштан бодо малы жоголгондугу маалым болгон.

Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Лейлек районунун аймагынан Кулуңду айыл аймагынын 18 жаштагы 2 тургуну уурдалган малды кошуна өлкөнүн жарандарына телефон аркылуу баалашып, чек арадан өткөрүп тургандары белгилүү болуп, Лейлек районунун аймагынан аныкталып кармалды. Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.