«Телефон чалып, коркутуп…» Мурда бир нече жолу соттолгон жаран ишкерлерден акча опузалап жүргөн

Ишкерлерди коркутуу жолу менен ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылып жүргөн делген жарандар аныкталып, кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарына ишкер кайрылып, опузалап акча талап кылып жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Анда чала тааныш адам өзүн криминалдык авторитет катары тааныштырып, коркутуу жолу менен опузалап келгени маалым болгон. Ишкер товарларды ташып жеткирүү менен алектенип жүргөн. Криминалдык авторитет деп аталган жарандар ишкерге ар дайым чалып, акча каражатып опузалап талап кылып, андан соң ири суммадагы акчасын алып кетип жүрүшкөн. 2020-жылдын ноябрь айында телефон чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышып, ири суммадагы акчасын алып кетишкен. Опузалап талап кылган жаран ишкердин акчасын алуу үчүн өзүнүн жакын адамын жиберип жүргөн. Кылмышкерлер алып жүргөн акча каражатынын жалпы суммасы бир нече жүз миңди түзөт.

Жабырлануучу милицияга кайрылуудан мурда көпкө чейин ойлонуп жүргөн. Бир жыл өткөн соң гана опузалап талап кылуу фактысы белгилүү болгон. Бул фактыны иликтөөнүн алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Кылмышка шектелип Нарын облусунун 1986-жылы туулган тургуну кармалды. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Аны тергөө кызматына жеткиришкен. Андан сырткары, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө шектүүнүн шакиртинин аты-жөнү дагы такталып кармалган. Шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Иликтөө иштери уланууда.