«Телефон чалып, мейманканага барып». Чүйдө алдын ала сүйлөшүп алып тоноп жүргөн деген топ кармалды

Токмок шаарында алдын ала макулдашуу боюнча тоноочулук кылган адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга арыз менен жаран кайрылып, 2-сентябрда Токмок шаарынынын мейманканалардын биринде белгисиз адамдар уруп-сабап, 5 миң сом акчасын алып кеткенин билдирип, чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча 206-беренесинде (тоноо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган. 1993-жылы туулган Б.М., 1992-жылы туулган С.А., 1988-жылы туулган И.М., 1977-жылы туулган М.Д., 2007-жылы туулган А.М. аттуу жарандардын тобу тергөө убагында аты-жөнү тактала элек белгисиз адамдар менен материалдык пайда көрүү максатында алдын ала сүйлөшүп алып, төмөнкүдөй аракеттерди жасашкан.

2-сентябрь күнү 2007-жылы туулган жарандын телефону аркылуу 1972-жылы туулган жаран менен байланышып, Токмок шаарынын кафелеринин биринде жолугушкан. Андан кийин алар шаардагы мейманканалардын бирине барып, бөлмөгө киришкен. Ошол ушул учурда белгисиз адамдар мейманкананын бөлмөсүнө кирип келип, кызды карындашым деп урушат дагы, ал эми жаранды уруп, сабап 5 миң сом акчасын тартып алып, көчөгө сүйрөп чыгышып, мажбурлап унаага олтургузуп, шаардын четине алып барышкан. Ал жерде 1993-жылы туулган Б.М. аттуу жаран пайда болуп, белгисиз себептерден улам «туура эмес иш кылыптырсың, көйгөйдү оң жагына чечүү үчүн 800 миң сом керек» деп талап кылган. Жабырлануучу жеке коопсуздугун ойлоп макул болгон. Эртеси, 3-сентябрда ал жабырлануучунун үйүнө келип, 2 баш бодо малын жана 30 миң сомун тартып алып кеткен. Бирок ушуну менен эле токтоп калбастан, акча талап кылууну улантышкан. Жүргүзүлгөн тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу менен жана ар бир катышуучу өзүнүн кыймыл аракети макулдашуу менен болгондугу аныкталган.

Жүргүзүлгөн бир катар тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып, кылмыштын калган катышуучуларын аныктоо багытталган иштер жүрүп жатат.