Телефон киргизүү үчүн түрмөнүн кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды

Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан абактарда жана тергөө изоляторунда кармалып турган жарандарга тыюу салынган нерселердин киришине бөгөт коюу жана аныктоо иш-чараларынын жүрүшүндө №8 түзөтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан айрым соттолгондор менен алдын ала сүйлөшүп алып, мекеменин кызматкерине пара берүү жолу менен соттолгондорго уюлдук телефонун берүүгө аракет кылган шектүү кармалды.

Бул фактынын негизинде ЖАКтын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.