Жарандарды алдаган телефон шылуундары ӨКМге да жеткен министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринин сүрөтүн сактап, атын, фамилиясын жазып ӨКМге тиешелүү башкармалыктардын, мекемелердин кызматкерлерине түрдүү шылтоолор менен тапшырмаларды берүүдө.
Эгер сизге +996 220 325 260 же башка тааныш эмес телефон номерлери аркылуу ӨКМ жетекчилеринин атынан кайрылса, тапшырма берсе, сөзсүз түрдө жетекчинин өз номерине түздөн-түз кайрылып, маалыматты тактап алыңыз. Жетекчинин өзүнө билдирип коюуну да унутпаңыз.