«Телефону суу жээгинен табылган». Таласта 14 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Таласта дайынсыз болуп изделип жаткан кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 21-август күнү Манас районунун Бала-Саруу айылында токойго эс алууга чыккан 14 жаштагы кыз дайынсыз болуп жаткандыгы жана уюлдук телефону токойду аралап өткөн Талас суусунун жээгинде табылгандыгы тууралуу маалымат ӨКМнин 112 кызматына түшкөн. Ал жерге издөө иштерин жүргүзүүгө бүгүн саат 07:20да 19 куткаруучу, 38 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылып, натыйжада саат 08:45те Талас суусунун жээгинен аталган жарандын жансыз денеси табылды.