«Телеграм аркылуу сатып жүргөн». Бишкекте баңгизат жасаган лаборатория жок кылынды

Баасы 10 миллион сомго жакын психотроптук заттар менен баңгизат жасаган лаборатория жок кылынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси менен (эски редакцияда) катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө Telegram аркылуу өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды сатуу менен жүргүзүлүүчү интернет-дүкөн аныкталган. Ал өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жайылтуу үчүн баңгизаттарды интернет тармактарына мыйзамсыз жарнамалоо менен алектенип келген. Кызматкерлер тарабынан аталган дүкөндүн администратору менен жазышуу жүргүзүлүп, натыйжада 100 грамм салмактагы «мефедронду» сатып алуу макулдашылган. Баңгизат каражатты сатып алуу баасы 300 миң сомдон ашкан. Бишкек шаарынын Чуйков көчөсүндө өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, баңгизат каражаттардын жашыруун жайын жасап, жазышуу жүргүзгөн жаран кармалган.

Кармалган жарандын Турусбеков көчөсүндөгү ижарага алып жашаган батирине тинтүү жүргүзүү учурунда баңгилик лаборатория аныкталып, ал жактан төмөнкү аталган далил буюмдар табылып алынган:
• «мефедрон» кургатуучу 1 поднос;
• психотроптук заттарды даярдоо үчүн реагенттер менен 4 канистр;
• жууганга даярдалган этил спирти менен 12 флакон;
• психотроптук заттар менен 7 баштык;
• 3 банктын картасы;
• 2 уюлдук телефон, сим карта.

Бул баңгилик лабораторияда жарымфабрикаттардан «мефедрон» жана «Альфа PVP» психотроптук заттар өндүрүлгөн. Ал психотроптук заттардын салмагы: «мефедрон» 1 килограмм 500 граммды, «Альфа-PVP» 800 граммды түзгөн. Алардын жалпы баасы 9 миллион 900 миң сомду түзөт. Кармалган жаран камакка алынган. Тергөө уланып жатат.