Темир айылынын тургуну: «Үйүбүздү сел алып, 4 балабыз менен көчөдө калдык»

Социалдык тармактарда Ысык-Көл районунун Темир айылында жүргөн сел бир үй-бүлөнүн үйүн алып кеткени тууралуу маалыматтар, видео тарады.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги үйдүн ээси Асел Сариева менен байланышканыбызда, 4 баласы менен үйү жок калганын айтты. «Кечки саат 11лерде катуу жаан жаай баштады. Биз жылуу кийимдерибизди алып эле, эшикке чыгалы десек, ташкындаган суу үйүбүздүн туш тарабынан агып жатыптыр. Кайра үйгө кирип, бурчка турдук. Бир маалда эле чон-чоң таштар үйгө кирип, үйдүн дубалын кулатты. Биз кошо актык. Үйдөгү столду кармап атып, араң калдык. Эптеп суу азайганда жаңы салынып жаткан үйдүн чатырына чыктык. Анан айылдаштар ат менен келип, алып кетишти. Эч нерсе калган жок, баарын агызды, агызбаганы ылай болду. Үйүбүз жок калды. Жаңы салынып жаткан үйдүн да пайдубалын сел алып кетти. Менин бутум менен колум чыгып, салдырдым. Ал эми балдарымдын териси сыйрылыптыр. Тазалайлы десек, оор таштарды алууга техниканын күчү жетпей жатат. Бизди айыл өкмөт азыр «Аврора» эс алуучу жайына алып кетип жатат», — деди ал.

Жардам берүүнү каалагандар 0505 139 727 номурларына кайрылса болот.