Темир Сариев сотко жеткирилген жок. Отурум кийинкиге жылдырылды

Бишкек шаардык соту 8-октябрда мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды кароону кийинкиге калтырды.

Буга чейин биринчи инстанция саясатчыны камакта калтырган. Соттун чечими менен макул болбогон жактоочу чечимге каршы апелляциялык арыз менен кайрылган. Сариев шаардык сотко жеткирилген жок, буга байланыштуу сот процесси 12-октябрга жылдырылды. Ал эми шаардык соттун алдына анын тарапташтары митингге чыгып, анын бошотулушун талап кылышты.

Темир Сариев УКМК тарабынан 3-августта кармалган. Сариевдин экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени маалымдалган.