Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасын кароо эртеңкиге жылдырылды

Бүгүн, 24-августта мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин бөгөт чарасы каралмак. Бирок соттук отурум эртеңкиге, 25-августка жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев УКМК тарабынан кечээ, 3-августта кармалган. Сариевдин экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени маалымдалган.