Добуш сатып алууга шектелип “Социал-демократтар” саясий партиясынын бир катар мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Бишекек ШИИБден билдиришти.
«Буга чейин социалдык тармактарда жогоруда аты аталган партиянын мүчөлөрүнүн добуштарды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрү тараган. Анын негизинде Бишкек ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жогорудагылардын негизинде күбө катары “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана бир катар мүчөлөрү К.И., А.Р., А.Н., С.Б., А.К., Ч.Д., Н.Н., Т.Р. А.Б. суракка алынып, алардын ичинен К.И., Т.Р. жана учурда Т.С кармалып, кылмыш жасагандыгы боюнча айыпталган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.