«Кимге жакпай калганымды билбейм». Темирлан Султанбеков унаасына ок атылганын айтты (сүрөт)

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков социалдык тармактагы баракчасында анын унаасына ок атылганын билдирди. Анын айтымында, окуя 26-августта саат 01:20да жумуш боюнча жолугушуудан кайтып келе жатканда болгон. Жаш саясатчы белгисиз адамдар окту дал өзү отурган жерге чыгарганын жазган. 

«Атуу катуу жана так болду. Менин айдоочум ылдамдыгын кескин жогорулатты. Бир сааттан кийин биз издерди табуу үчүн бул жерге кайра барууну чечтик. Ал жерде айнектин сыныктары калыптыр. Алыстан дарактын артында бир киши көрүнүп турду, камераны ага багыттаганда, ал качып кетти», — деди ал. Султанбеков ок 9 мм травматикалык тапанчадан атылганын билдирген.

«Балким, кимдир-бирөө коркутууну ойлоп жаткандыр, бирок мен кимге ушунчалык жакпай калганымды билейм», — деп жазды ал.

Бишкек ШИИББи бул окуя боюнча азырынча үн ката элек.