Жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун унаасына атылган ок боюнча милиция эмне дейт?

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун унаасына ок атылганы боюнча маалымат берди.

«26-августта саат 16:45 чамасында Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасына анын унаасына 26-августта болжол менен саат 01:30да ок атылганы тууралуу жазып чыкты. Бирок маалыматта окуя кайсы жерде болгону жазылган эмес. Жазылган маалымат боюнча милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүшүп, окуя Аламүдүн районунун аймагында болгонун аныкташты. Темирлан Султанбеков Чүй ОИИБге бул окуя боюнча арыз жаза элек.  Буга байланыштуу Чүй ОИИБи Темирлан Султанбековдун унаасына атылган ок боюнча маалымат бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин берилет», — деп айтылат маалыматта. 

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков социалдык тармактагы баракчасында анын унаасына ок атылганын жазып чыккан.