Темирлан Султанбековдун Бишкек ШИИБге жеткирилгени маалымдалды

«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына жеткирилди. Бул тууралуу журналисттерге Кадыр Атамбаев бүгүн, 14-ноябрда билдирди. 

Анын айтымында, 13-ноябрда Султанбеков милициясына суракка чакырылып, саат 03:30 чамасында ал жерден чыккан. «Саат 04:30да үйүнө келе жаткан жеринен кармалып, Бишкек ШИИБге жеткирилди», — деди Атамбаев.