«Тендердин жарымын курсташына берген». Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупция аныкталды

Бишкек мэриясынын билим берүү департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси У.А. курсташы, «А.» ЖЧКсынын директору М.А. менен 2023-2024-жылдары 73 сатып алуунун ичинен 35 тендерде жеңүүчү болуп табылып, келишим түзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Атаандаштыкты жасалма түрдө камсыздоо максатында бардык тендерлерге формалдуу түрдө «А.» ЖЧКсынын директорунун келини Ж. аттуу жеке ишкер катышып келген. Бирок ал 2023-жылы салык каттоосун жоюу боюнча арыз бергендиги такталган. Мындан тышкары, «А.» ЖЧКсы түзгөн эки контрактта баалар 246,4 миң сомго жогорулатылган. Ошондой эле «А.» ЖЧКсы тарабынан жалпы 1,5 миллион сомдук салык төлөнбөгөнү аныкталган», — деп жазылат маалыматта.

Бишкек шаардык прокуратурасы аталган факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери уланууда.