Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык соту Теңгиз Бөлтүрүккө карата бөгөт чарасын карап, буга чейин чыгарган Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
15-сентябрда «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу 2 айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган болчу. Ал Башкы прокуратура тарабынан кармалып, коррупцияга шектелүүдө.