Теңгиз Бөлтүрүк 2 айга камакта калтырылды

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын карады. Сот залына кирердин алдында Теңгиз Бөлтүрүк өзүнө тагылган айыптарды абсурд деп эсептей турганын билдирди. 

Ал соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. 10-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.