Коррупцияга шектелген Теңгиз Бөлтүрүктүн иши сотко өттү

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы кызматкерлерине, анын ичинде компаниянын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко өттү. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Учурда иш материалдары иликтенип жатат, соттук териштирүүнүн мөөнөтү азырынча белгилене элек.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 миллиард 146 миллион 449 миң 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Зыяндын 80 пайызга жакыны, тактап айтканда 844 миллион 512 миң 858 сому Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылган.