Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Канададагы 725 миң долларлык үйү тууралуу маалымат берди

Үч кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы алардын үй-бүлөсү Канададан сатып алган 725 миң долларлык үйү тууралуу маалыматтарга комментарий берди. Бул тууралуу Илмира Алпысбаева Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, үй 2010-жылы насыяга алынган. Ал айткандарын тастыктоо үчүн документтердин сүрөтүн тиркеген.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке 1 миллиард 146 миллион 449 миң 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. Зыяндын 80 пайызга жакыны, тактап айтканда 844 миллион 512 миң 858 сому Теңгиз Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылган.