Теңгиз Бөлтүрүккө сот өкүмү чыкты

Бүгүн, 21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүккө карата өкүм чыгарды. 

Сот эске салгандай, кылмыш ишинин материалдарынын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө прокурор менен айыпталуучунун ортосунда процессуалдык күнөөсүн моюнга алуу макулдашуусу бекитилген.

Аны Биринчи Май райондук соту 800 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди. Бөлтүрүк “Кумтөр” ишканасына келтирген зыяндын ордун толтуруу үчүн 10 миллион сом төккөнү белгилүү болду.