Терек-Сайда шыбы түшкөн мектептин мугалими: «Шып мугалимдин башына түшүп, денеси көгала болуп кетиптир»

Бүгүн, 17-майда Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Амирабек Чымканаев атындагы мектепте сабак учурунда шып түшүп кетип, 3-класстын окуучулары, мугалим жабыркаганы маалымдалган. Окуяга күбө болгон мектептин мугалими Айнура Ботобекова кырсык тууралуу маалымат берди.

— Бүгүн саат 11ден өтүп калганда жаңы эле кирүүгө звонок берилип, сабак башталган болчу. Мен 1-кабатта сабак өтүп жаткам. Азия Уметбековна 2-кабатта класстын эшигин жаап сабак өтүп жаткан экен. Капыстан эле эжекенин үстүнө шып түшүп кетиптир. Мугалимдин «жардамга!» деп кыйкырганын бир эжеке коридордо баратып угуп эшикти ачса, класстын ичи чаңдан эч нерсе көрүнбөй калыптыр. Ошондон кийин ызы-чуу түшүп калдык.

—  Мугалим, окуучулардын абалы кантти?

— Окуучулар бактыга жараша, жаракат алышкан жок. Шып мугалимдин башына түшкөнү үчүн дене-бою көгала болуп калган эле. Бүгүн окуучулар медициналык текшерүүдөн өтүп жатышкан, андыктан мектепте педиатр бар болчу. Айыл өкмөттө да жыйын болуп, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бар эле. Алар да тез арада жетип келишти. Мугалим да, окуучулар да психологиялык жактан катуу эле жабыркашты. Баарын Ала-Бука райондук ооруканасына алып кетишти.

—  Мектеп авариялык абалда беле? 

— Мектеп өзү эски болчу чынында. Бирок ага кошумча болуп кен казып алуучу «Эти бакыр» түрк фирмасы тынбай тоолорду жардырып турушат. Азыр мектеп эмес, өзүбүздүн үйлөр деле кулап, урайын деген акыбалда. 1-2 жума мурун мектептин үстүндөгү тоону ачык карьер кылабыз деп фирма алып жаткан. Мектептин директору, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген мугалимибиз да өкмөткө ушул маселе боюнча кайрылган. Бизди эч ким укпай жатат да.

— Ушул кырсыктан кийин көйгөйүңүздөр бийлик өкүлдөрүнө жетип, жакшы жагына чечилер деген үмүттөбүз. Маалыматыңыз үчүн ыраазычылык.