«Терезеден чыгышкан». Жалал-Абадда чагылган түшүп, күйүп кеткен үйдө эгиз балдар болгон

Кечээ, 8-апрель күнү таңкы саат 04:15тер чамасында Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Кара-Инген айылындагы тоонун этегинде жайгашкан үйгө чагылган түшүп, үй күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Үй өрттөнүп жаткан учурда 2009-жылы туулган эгиз балдар терезеден качып чыгышкан.

Алардан башка үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок. Ал эми жогоруда аталган балдар туугандарыныкына жайгаштырылган. Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, үй жараксыз экени аныкталган.