Терезеден секирүүгө аракет кылган жарандын көчөдөгү өлүмү. Маркум психиатрия менен наркологияда каттоодо турган

Бишкекте университеттин терезесинен секирүүгө аракет кылган жаран көчөдөн көз жумган. Бул боюнча Биринчи Май РИИБ маалымат берген.

9-август күнү саат 22:40 чамасында милицияга Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Кыргыз Улуттук университеттин 3-кабатындагы айнектен белгисиз жаран секиргени аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлерине ал жаран менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон эмес, себеби жаран өзүн жаман сезип, милицияга баш ийбей физикалык жана моралдык жактан туруксуз болуп, качып чыккан. Ал көчөдө белгисиз себептерден каза тапкан.

Бүгүн, 21-августта Биринчи Май РИИБден кошумча маалымат беришти. Маалыматка караганда, күбөлөр суралган. «Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айтымында, жаран «мени өлтүрөйүн деп жатат» деген сөздөр менен имаратка чуркап кирген. Аны токтоткондорго да баш ийбеген үчүн милиция чакыртышкан. Ошондой эле жарандын психиатрияда 2015-жылдан бери, ал эми наркологияда 2017-жылдан бери каттоодо экени аныкталган. Учурда анын өлүмүнүн себебин аныктоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.