Терезеден секирүүгө аракет кылган жарандын көчөдөгү өлүмү. Милиция хронологиясын жарыялады

9-август күнү саат 22:37де Бишкек ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспекти №390 дарегиндеги Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин жатаканасынын 3-кабатынан “белгисиз жаран өз өмүрүнө кол салууга аракет кылууда” деп билдирүү түшкөн.

Бул чакыруу боюнча, Бишкек ШИИБдин милиция кызматкерлери К.Б. жана Д.Т. аталган дарекке барган учурда жаран аныкталып, ал жаран милиция кызматкерлеринен качууга аракет кылган. Андан кийин ал жаран Бишкек шаарынын Манас жана Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишинен жогорудагы милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага карата физикалык күч колдонулган. И.С. жана ошол жердеги окуяга күбө болгон жарандардын И.С.ке дем жетпей, дем ала албай жаткандыгы тууралуу айтууларына жана аны кое берүүсү боюнча суранычтарына көңүл бурбай, анын моюн-жаак тарабынан катуу басып жатып алгандын кесепетинен И.С. ошол жерден каза болгон.

Бул факты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан тийиштүү тергөөгө чейинки текшерүү иштерин ыкчам уюштуруу жана жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен аныкталып, Бишкек ШИИБдин милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Кечээ, 24-августта ИИМ окуянын хронологиясын жарыялады.

  • Бишкекте университеттин терезесинен секирүүгө аракет кылган жаран көчөдөн көз жумган. 9-август күнү саат 22:40 чамасында милицияга Бишкек шаарынын Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан Кыргыз Улуттук университеттин 3-кабатындагы айнектен белгисиз жаран секиргени аракет кылып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлерине ал жаран менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон эмес, себеби жаран өзүн жаман сезип, милицияга баш ийбей физикалык жана моралдык жактан туруксуз болуп, качып чыккан. Ал көчөдө белгисиз себептерден каза тапкан.
  • 21-августта Биринчи Май РИИБден кошумча маалымат беришкен. Маалыматка караганда, күбөлөр суралган. «Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айтымында, жаран «мени өлтүрөйүн деп жатат» деген сөздөр менен имаратка чуркап кирген. Аны токтоткондорго да баш ийбеген үчүн милиция чакыртышкан. Ошондой эле жарандын психиатрияда 2015-жылдан бери, ал эми наркологияда 2017-жылдан бери каттоодо экени аныкталган. Учурда анын өлүмүнүн себебин аныктоо иштери жүрүп жатат», — дешкен.