Терезенин торуна кыпчылып калган жаран. Окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Кечээ Бишкектин «Улан-2» кичирайонунда эркек киши терезенин торуна кыпчылып калып, куткаруучулардын жардамы менен чыгарылган. Милиция анын бул абалда табылышынын себебин иликтеп баштаган.

Бүгүн окуянын чоо-жайы айтылды. Маалыматка караганда, жаран терезе аркылуу мурунку жубайынын батирине кирүүгө аракет кылган.

«Милиция кызматкерлери алгач чакырууга баратканда, аны үй уурусу деп ойлошкон. Бирок сурак учурунда жаран ошол жерде жашаган аялдын мурунку күйөөсү экени белгилүү болду. Алар ажырашып кетишкен, бирок эркек киши аны тажатып бара берген. Аял андан кутулуу үчүн терезелерине темир тор коюп таштаган. Кезектеги келишинде мурунку күйөө дал ошол торлорго кыпчылып калган», — дешти милициядан.