Мурунку жубайынын үйүнө кирем деп терезенин торуна кыпчылып калган жарандын иши сотко өттү

Бишкекте мурунку аялынын терезесине чыгып, торго кыпчылып калган адамга каршы иш сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Эки жаран милицияга кайрылып, 19-мартта батирге арыз ээлерине билгизбестен терезеси аркылуу мыйзамсыз кирип кеткен жаранга чара көрүүнү суранышкан. Факты “үйдүн кол тийбестигин бузуу” беренеси боюнча катталган. Шектүү кармалган. Ага кылмышка шектүү деген билдирүү берилген. Шектүү келүү милдеттенмеси менен бошотулган. Кылмыш иши сотко жөнөтүлдү», — деп билдиришти РИИБден.

Бишкектин «Улан-2» кичирайонунда эркек киши терезенин торуна кыпчылып калып, куткаруучулардын жардамы менен чыгарылган. Кийин жарандын терезе аркылуу мурунку жубайынын батирине кирүүгө аракет кылганы маалым болгон.