«Тергөөчүнүн колун тиштеп». «Милиция сабады» деген видео боюнча милиция маалымат берди

Кечээ, 3-октябрда социалдык тармактарда «Ошто милиция сабады» деген видео тараган. Анда аял киши көгөргөн денесин көрсөткөн. Окуя боюнча Ош ШИИБ маалымат берди.

Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул жарандын берген маалыматты жалган экендигин, мындай аракети менен ал өзү кылмыш жоопкерчилигинен качууну жана милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөп жаткандыгын билдирди. «Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип жатканда денесинде эч кандай жараттары болгон эмес. Учурда анын милиция кызматкерлерине карата жалган жерден маалымат бергендиги боюнча тиешелүү юридикалык баа берүү жагы каралууда. Тагыраак айтканда, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө орун алган дарыканасынын сатуучусу тарабынан дарыканада эки бейтааныш кыздар ызы-чуу салып жаткандыгын кабарланган. Маалымат 29-сентябрда саат 01:52те Ош ШИИБдин Ак-Буура РИИБдин маалымат электрондук журналына катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, түнкү саат 24:00 чамасында Ош шаарынын Шакиров көчөсүндө орун алган «Фарм-Ленд» дарыканасына эки аял киши келип, бир дарыны талап кылышып, аны бербей койгондугу үчүн жогорудагы эки кыз дарыканачыны оозго алсыс сөздөр менен тилдеп, ызы-чуу салгандыгы аныкталган. Аргасыз жабырлануучу милицияга чалган. 

Кыздар милиция кызматкерлерине дагы баш ийбестен, алардын дарегине жаман сөздөрдү айтышкан, ызы-чуу салышкандыктан, ал эки кызды кызматтык унаага салып милиция бөлүмүнө алып келүү аракетин жасашканда алардын бирөө милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, колун тиштеп алган. Андан соң жогорудагы эки кыз Ак-Буура РИИБге камсыз кылынып, нөөмөттөгү тергөөчүгө дагы каршылык көрсөтүшүп, тергөөчүнү тилдеп, тергөөчүнүн колуна жарат келтирген.

Бул факты боюнча, 9-сентябрда кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда кызматкерлерге каршылык көрсөткөн аял Ош шаарынын тургуну экендиги такталып, кармалган. Сот аны үй камагына чыгарган. Шектүү адегенде өзүн Кара-Суу районунун тургуну экендигин, аты Иманохон экендигин айтып, жалган маалыматтарды берген. Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип жаткан учурда эч кандай денесинде жараттары болгон эмес. Бул боюнча ошол эле мезгилде тиешелүү тактамалар түзүлгөн. Шектүүнүн денесиндеги жараттары кармалганда жана убактылуу кармоочу жайда отурганда болгон эмес», — дешти.