«Террордук жардыруунун белгилери жок». Бишкектеги Түркиянын элчилигинин жанында өрттөнгөн унаа боюнча ИИМ үн катты

Бүгүн, 13-декабрда Бишкекте Түркиянын элчилигинин жанында унаа өрттөнгөн. Бул боюнча ИИМ үн катты.

«1994-жылы туулган жаран өзүнүн Mazda Demio үлгүсүндөгү унаасы менен Тыныстанов көчөсү менен бара жатып, “Ак-Кеме” бала бакчасынын тушунан унаасынан түтүн чыкканын байкап, жолдун ортосуна токтогон. Андан соң, унаадан өрт чыга баштаган. ӨКМдин өрт өчүрүүчү унаасы келгенче өрттү өчүрүүгө өтүп бара жаткан айдоочулар жана жарандар жардам берип турушкан. Учурда өрт толугу менен өчүрүлүп, жеринде милициянын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат. Жабырлануучу жок. Бул кырсыкта террордук жардыруунун белгилери жок», — дешти.