Террористтик уюмдун идеологиясын таркатууга шектелип 25 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын март айында Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери УКМК менен биргеликте «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористик уюмунун жана диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири, Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы тургуну У.Д.нын үйүнө санкциялык тинтүү жүргүзүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө ал үйдөн диний-экстремистик көз караштагы эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун идеалогиясына тиешелүү болгон колго жазылган дептерлер, дисктер табылды.

Мындан ары жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1996-жылы туулган У.Д. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда ал жарандан жихад жүргүзүү боюнча жазылган китепче табылды.

Базар-Коргон районунун ИИБи Тергөө кызматы тарабынан У.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алынган маалыматка ылайык, У.Д. КМШ мамлекеттеринин бирине барган кезде «Жамаат ат-Таухид Валь Жихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-эсктремисттик уюмдун мүчөлөрү тарабынан азгырылып кирип, аларга жалданып иштеп, Кыргызстанда дагы алардын идеологиясын таркатуу менен
алектенип жүргөн.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.