Тез жардам кызматына жол бошотуп бербеген беш айдоочуга 10 миң сомдон айып салынды

Тез жардам унааларына жол бошотуп бербеген 5 айдоочу айып пулга жыгылышты. Буга чейин берилген маалымат боюнча Тез жардам унааларына жол бошотпогон айдоочуларга “Маяк» деп аталган рейд жүргүзүлмөк. Рейддин жүрүшүндө 5 айдоочуга 10 миң сомдон айып салынды.

Бул рейд пандемия учурунда Тез жардам кызматынын дарыгерлери коронавирус пандемиясынан улам элге ыкчам медициналык жардам көрсөтөрү, бирок айрым айдоочулар аларга жол бошотпой тоскоолдук жаратарынан келип чыккан.

Буга чейин Тез жардам унаасын өткөрбөй койгон айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Эреже бузуулар кодексинин 132-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, ошондой эле бул беренеде 10 миң сом айып пул салуу каралган болчу.