Тез жардам кызматынын унаасына жол бербей, тоскоолдук жараткан айдоочуга айып салынды

Чүй облустук оорукананын жанындагы жолдо Тез жардам унаасына жол бербей тоскоолдук жараткан Тойота Приус унаасынын 46 жаштагы айдоочусуна 1000 сомго айып протоколу толтурулуп, жол эрежесин бузбоо тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында жол эрежесин одоно бузуп айдаган айдоочуларды фото-видеого тартып 0777102102 телефон номуруна жөнөтсөңүздөр болот, убактысы жана эреже бузулган жер, унаа каражаттарынын мамлекеттик белгилери так көргөзүүнү суранабыз», — деп айтылат маалыматта.