Тез жардам унаасын өткөрбөй, кийин жол тескөөчүлөргө «концерт» койгон жаран 4 суткага кармалды

3-декабрда социалдык тармактарда Тез жардам кызматынын кызматкерлери менен урушуп, аларды өткөрбөй жаткан айдоочунун видеосу тараган. Милициянын кайгуул кызматы видео жарыялап, айдоочунун Биринчи Май РИИБге жеткирилгенин билдирген.

5-декабрда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 1981-жылы туулган жаран майда бейбаштык үчүн киргизилген. Мындан тышкары райондук милиция ага коомдук жайда тамеки тартканы үчүн 3000 сом айып салган.