«Тийбечи, отурат!» Бишкекте аялын ур-токмокко алган делип кармалган кишинин видеосу тарады

Бүгүн, 24-апрелде милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармашкан. Милицияга келин арыз менен кайрылып, жолдошуна чара көрүүнү суранган. Келиндин айтымында, 21-апрель күнү Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунун Кегете-Таш көчөсүндөгү үйүнүн короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтирген. Аталган факты Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. 1996-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.

Соцтармакта кармалган шектүүнүн үйдүн короосунда унаа айланып, жубайын кубалап жүрүп, кармаган видео тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден кармалган видеодогу жаран экенин тастыкташты.