«Муунтуп өлтүрүп, токойго таштап…» Чүйдө 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Чүйдө 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук отурум кечээ, 24-февралда Кемин райондук сотунда өткөн. «Кылмышка шектүү өмүр бою эркинен ажыратылды», — дешти редакцияга соттон.

Өткөн жылдын июнь айында Кемин районунда 16 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Милицияга Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери окуя болгон жерге чыгышып, денеге кароо жүргүзүү учурунда анын киши колдуу болгондугу аныкталган. Кийин милицияга аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган. Милиция кызматкерлери тарабынан киши колдуу болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган жаран экендиги такталган. Бул факты Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кыздын апасы суралып, 21-июнь күнү кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын алуу үчүн чыгып, саат 10:59 чамасында кошунасынын телефонунан чалып, сугат жумуштарын бүтүрүп алып, барарын айтып ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген. Кылмышка шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган жаран кармалган. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, кийин акча сураган учурда, ал кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаган, коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин кошунасынын автоунаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон. Кармалган жаран Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Кийин соттук чечими менен 2 айга абакта жаткан.