Тик-Токто Бишкектин айрым орто мектептеринде террордук актылар болушу мүмкүн делген видео тарады. УКМК эмне дейт?

23-ноябрда УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы интернеттеги социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда, Бишкектин айрым орто мектептеринде террордук актыларды жасоо коркунучу бар бир нече видеолорду жайгаштырган “@ krasty.mshn” аккаунтундагы Тик-Ток интернет тиркемесинин колдонуучусун тапты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогорудагы видеолордун автору аныкталып, ал орто мектептердин биринин 6-классынын окуучусу, бейбаштык максатта террордук актыларды жасоо коркунучу бар делген видеолорду жайгаштырган, 2009-жылы туулган өспүрүм болуп чыкты. Бул факты Жазык кодексинин 246-беренесинин 1-бөлүгү (терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларды жүргүзүлүүдө.